• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов тирүү болгондо Москвадагы Марат менен Кайрат анын каарманына айланмак - Иманалиев

Коом 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. Жазуучу Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо өмүрүн тобокелдикке салып, аялды куткаруу үчүн боюн метрого таштаган мекендешибиз Марат менен Москвада 8 саат күтүп, кардарынын капчыгын кайтарып берген Кайрат анын каарманына айланмак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Москвада өткөн Айтматовдун эскерүү кечесинде билдирди.

Эл өкүлү дүйнө жүзүндө 100 китеп болсо, анын ар бир үчүнчүсү Чыңгыз Айтматовдун китеби экендигин билдирди.

"Бир ууч кыргыз элинен чыккан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жеткен бийиктикке Борбордук Азиядагы жазуучулардын бири да жете элек. Айтматов кудум тирүү адамдай бардыгыбыздын башыбызды бириктирип олтурат. Араңарда Алтынайдын сиңдиси, Сейдакматынт иниси, Дүйшөндүн окуучусу бар. Жазуучунун кагаз бетине жазып калтырып кеткен мурасы жана осуяттары ар дайым кыргыз элин бириктирип жүрө берсин", - деп билдирди эл өкүлү.

Эске сала кетсек, бүгүн Москвада Айтматов атындагы скверде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Айкелдин ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, КРдын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, Москванын мэри Сергей Собянин, Россиянын маданият министри Владимир Мединский жана башка расмий өкүлдөр жана кыргызстандыктар катышты.

Маданий иш-чара жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналган.

Пикир

Оставить комментарий