• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды – фото, видео

Маданият 0


Бишкек, 07.12.18 /Кабар/. Москвада бүгүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылды. Айкелдин ачылышына президент Сооронбай Жээнбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, КРдын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, Москванын мэри Сергей Собянин, Россиянын маданият министри Владимир Мединский жана башка расмий өкүлдөр жана кыргызстандыктар катышты.

Эстелик Айтматов атындагы скверде жайгашкан. Маданий иш-чара жазуучунун 90 жылдыгына арналган.

Айкелдин ачылыш аземинин видеосун Facebook’дагы баракчасына депутаты Садык Шер-Нияз жарыялады.

«Биз бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана элесине Кыргызстанда гана эмес, Россияда да чоң сый урмат менен мамиле кылаарына дагы бир ирет ынанып отурабыз», - деп белгиледи Жээнбеков. — Чыңгыз Айтматов — кыргыз адабиятынын гана эмес, орус адабиятынын да классиги. Ал өзүнүн улуу таланты менен дүйнөдө кыргыз жана орус маданиятынын көрүнүктүү өкүлү боло алды. Айтматов өзү да «кыргыз жана орус тилдери анын эки канаты» экенин айткан».

Жээнбеков Айтматов даанышман жазуучу гана болбостон, глобалдык масштабдагы инсан, көп кырдуу талант экендигин өзгөчө белгиледи. Ал өзүн публицист, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат катары да көрсөтө алды.

Пикир

Оставить комментарий