• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата акындын китептеринин көргөзмөсү өттү

Маданият 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда КР "Эмгек баатыры", маданиятка эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына карата Кыргыз улуттук китепканасында акындын китептеринин көргөзмөсү өттү.

Иш- чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, КР Э эл акыны Менди Мамазаирова, акын-жазуучулар, Түмөнбай Байзаковдун жакындары катышты.

Марат Тагаев өз сөзүндө Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатканын, анткени ал киши мамлекеттик деңгээлде эскерилүүгө татыктуу инсан болгондугун белгилеп, акындын 100 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар мындан ары да уланаарын билдирди.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков акындын ырлары түбөлүктүү экенин, буга чейинки чыккан ырларын чогултуп, көлөмдүү бир жыйнак кылып чыгаруу зарылдыгын белгилесе, акын Менди Мамазаирова учурунда Түмөнбай Байзаков менен чыгармачылык чөйрөдө чогу жүрүп калганын, ал адабияттын дыйканы болгондугун, анын «Кыргыз жери» аталышындагы ыры эл ичинде экинчи гимнге айланганын баса белгиледи.

Акындын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу кече эртең, 31-октябрда саат 11:00 дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында өтөт. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий