• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте "Жамийла" биринчи улуттук мюзикли тартууланды  — сүрөт, видео

Маданият 0


Бишкек, 13.04.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Жамийла" биринчи улуттук мюзикли тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мюзикл жети күн катары менен коюлат — 12-13-14-15-16-17-апрель күндөрү.

"Жамийла" мюзикли – бул оригиналдуу автордук музыка, поэзия, видео контент, көркөм жасалга, заманбап сценография, кыргыздын салттуу маданияты, тарыхый кийимдери, фольклору, хореография, вокал айкалышкан көркөм оюн.

  • мюзиклдин коюучу-режиссеру — Виктор Фельд,
  • композитору — КР Эмгек сиңирген артисти Мурзали Жеенбаев,
  • акын — Махаббат Молдалиева,
  • костюмдар боюнча художник-дизайнер — Дөөлөт Рысбаев,
  • хореографы — КР Эл артисти Анара Нургалиева,
  • хормейстери — КР Эл артисти Гульбара Маматова,
  • башкы сүрөтчүсү — Расул Кочкорбаев,
  • видео контент —Адан Алимбеков.

Пикир

Оставить комментарий