• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча долбоор старт алды

Билим 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Кыргызстанда Балдарга кам көрүү аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган “WE CARE” долбоору старт алды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкнедей, долбоордун расмий ачылышына министр Догдуркүл Кендирбаева, Кыргызстандагы Ага Хан Фондунун башкы директору Давлатсултон Доргабекова, Американын Кыргызстандагы элчиси элчи Лессли Вигери катышты.

Иш-чаранын ачылышында министр Догдуркүл Кендирбаева долбоордун Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүдө маанилүүлүгүн белгиледи.

"Билим берүү жана илим министрлиги менчигинин түрүнө карабастан балдардын эрте өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ар бир демилгени кубаттайт жана колдойт. Анткени баланы эрте өнүктүрүү – приоритеттүү, өтө маанилүү милдет", - деди Догдуркүл Кендирбаева.

Долбоор келерки үч жылда ишке ашырылат жана балдардын эрте өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө жана ушул тармакта кызматтарды жакшыртууга жана Кыргыз Республикасындагы ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошот.

WE CARE долбоору КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фондусунун кызматташуусунун негизинде ишке ашырылат. Кийинки үч жылдын ичинде долбоор 100дөн ашык балдарды эрте куракта өнүктүрүү мекемелерине жардам көрсөтөт жана 700дөн ашык мугалимдерди жана тарбиячыларды окутат.

Пикир

Оставить комментарий