• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ысык-Көлдө эшиги бекилип калган батирден 4 жаштагы баланы алып чыгышты

Аймак 0

Бишкек, 30.10.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө куткаруучулар эшиги бекилип калган батирден 4 жаштагы баланы алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бүгүн саат 12:30да көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринин эишигип жабылып, ичинде кичинекей бала калгандыгы тууралдуу маалымат түшкөн.

Жерине куткаруучулар барып, альпинисттик шаймандардын жардамы менен бекилип калган эшикти ачып, баланы куткарышкан.

ӨКМден наристенин абалы жакшы экендигин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий