• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад мэриясы: Шаарда маркумду жерге берүүдө мал союлбай жатат

Аймак 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында маркумду жерге берүүдө мал союлбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-март күнү каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды, үйлөнүү үлпөт тойлорун, үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү жана маркумга арналган иш-чаралардын өткөрүлүшүн көзөмөлгө алуу боюнча жумушчу топтун отурумунда маалымдалганын, мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алдыда жергиликтүү бийлик, тийиштүү тармактардын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү жана ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди улантат.

Белгилей кетсек, КР президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду жерге берүүдөгү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын турмушка ашыруу максатында Жалал-Абад шаардык мэриясы тийиштүү тармактардын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Анын арты менен каза болгон эки шаар тургунунун жакындары маркумду жерге берүүдө мал-жандык сойгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий