• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ак-Талаа айылында вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады

Аймак 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Нарын районунун ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна караштуу Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиология бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.

Белгиленгендей, жаңы кампа имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле эмдөө үчүн “муздак чынжыр” сактоо талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Долбоордун максаты - КР өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүү.

Пикир

Оставить комментарий