• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында муниципалдык асфальт заводу курулат

Аймак 0

Бишкек, 18.11.23./Кабар/. 2024-жылы Ош шаарындагы жолдорду кыска аралыкта сапаттуу куруу жана оңдоо максатында муниципалдык асфальт-бетон заводун жана атайын таш майдалоочу заводду куруу пландалууда.

Ага байланыштуу бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Озгур айылында курула турган заводдун ордун жеринен көрүп чыгып, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине даярдык иштерин жүргүзүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына ижара келишиминин шарттарын жана курулуш материалдарын (кум, чопо, шагыл ж.б) казып алууда ижарага алынган жерлерди пайдаланган тараптар менен келишимде көрсөтүлгөн каражаттарды өз убагында бюджетке түшүрүү тапшырмасын койду.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 2023-жылдын августуна чейин курулуш материалдарын (карьерлерди) казып алуу үчүн жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жылына 1 гектарга 500 сом болгон болсо, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында 2023-жылдын август айынан баштап бул категориядагы жерлердин ижара акысы 1 га үчүн 300 миң сомго чейин көбөйтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий