• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Баткенде мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы өттү, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгү.

Иш-чара Исхак Раззаковдун Раззаков шаарындагы музейи менен таанышуудан башталды.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилерге, улуу инсандын бала чагы,жаштыгы, үй-бүлөсү, саясий ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматтар берилди.

Андан соң Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Исхак Раззаков атындагы сейил багында,мамлекеттик ишмердин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду.

Бул күнү Раззаков айылындагы Раззаков атындагы орто мектебинде, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенттери тарабынан даярдалган улуттук көргөзмө жана Исхак Раззаковдун өмүр таржымалын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.

Андан соң “Эл уулу — Исхак Раззаков” деген темада илимий конференция өттү.

Конференцияда сөз сүйлөгөн облус башчысы иш-чаранын залкар инсандын туулуп өскөн жери, кичи мекенинде өтүп жатышы өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирди.

Эске салсак, Исхак Раззаков Кыргызстанга 35 жашында жетекчи болуп келип, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин оор абалга дуушар болгон өлкөнү кыйын кезеңден алып чыккан көрөгөч жетекчи болгон.Ал мамлекеттик кызматта турган жылдары бардык тармактар өнүгүүгө өрүш алган.

1979-жылы 69 жашында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий