• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокенде мектеп окуучуларына өрт-тактикалык машыгуулар өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Ноокендеги Ж.Ниязов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектепте "Коопсуздук эрежелери жана өрт кырсыгын алдына алуу" максатында өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

ӨКМден билдиришкендей, машыгуу Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана райондук жарандык коргоону кызматтары тарабынан уюштурулган.

Анда аталган билим берүү мекемесинде өрт кырсыгы катталгандыгы мектеп жетекчилиги тарабынан кабарланып, окуучуларды коопсуз жайга эвакуациялоо керек экендиги маалымдалган.

Белгиленген аймакка өрт-өчүрүү жана куткаруу бөлүмү өз убагында жетип келип, окуучулар коопсуз жайга эвакуацияланып, тез жардам кызматынан өткөрүп берилди.

Машыгуулардын максаты - өрт кырсыгын алдына алып, мектеп окуучулары өзгөчө кырдаалдар катталган учурда өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин үйрөтүүгө багытталат.

Пикир

Оставить комментарий