• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда сутка ичинде 53 786 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 22-май күнү ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 5 190 чарчы метр имараттын ичи, 4 593 чарчы метр имараттын сырты жана 53 786 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланып, ага жалпысынан 560 кг хлор сарпталган. Иш-чарага 5 техника жана 32 кызматкер тартылган

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп топтоло турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий