• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жакшы жаңылык! Бишкектен Баткен жана Раззаков шаарларына авиакаттамдын саны көбөйтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Бишкектин Баткен жана Раззаков шаарларына авиакаттардын саны көбөйтүлдү. Жакшы жаңылык менен президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Облус башчысы күн мурун "Тез Жет" авиакомпаниянын жетекчилиги менен жолуккандыгын айтты. Анда Баткен шаарына авиакаттамдын санын көбөйтүү жана билеттин баасын түшүрүү боюнча талкуу болгон. Жыйынтыгында аталган авиакомпания "Манас" аэропортунан Баткен шаарына бир жумада эки жолу каттам кылып бермей болду.

Тактап айтканда, Баткен шаарына жумасына 2 жолу (шаршемби, жекшемби), ал эми Раззаков шаарына жумасына 3 жолу (шейшемби, бейшемби, ишемби) үзгүлтүксүз каттам жүргүзүлөт. Бишкек-Баткен багыты боюнча биринчи аба каттам 13-сентябрдан (шаршемби) башталат.

"Ал эми авиабилеттин баасы бүгүнкү күнгө чейин 6 000 сом болуп келген болсо, мындан ары Баткен шаары жана Раззаков шаары үчүн да 5 500 сомго чейин боло турган болду. Ошондой эле, авиакассалардын өздөрүнүн кошумча кызмат акысын кошкондо жалпы авиабилеттин баасы 5 750 сомго чейин болот. Андан 1 тыйын да ашпашы керек. Эгерде коюлган баадан аша турган болсо, сөзсүз түрдө авиакомпанияга кайрылуусу керек", - деп кошумчалады облус башчысы Абдикарим Алимбаев.

Пикир

Оставить комментарий