• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүндө 4,3 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан 4,3 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө 2010-жылы Таш-Төбө айыл өкмөтүнүн токтому менен Орто-Сай айылындагы мектепке караштуу болгон жер жеке тарапка мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура тарабынан сотко доо арыздар келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Прокурордук талаптын негизинде 4 млн 350 миң 240 сомго бааланган мектепке тиешелүү болгон жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий