• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалууда

Аймак 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Коюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалууда, - деп билдирет «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 4-январь саат 18:20дан бери коюу туман турат.

«Бүгүн, 5-январь күнү аба ырайынын шартына байланыштуу (жакшы көрүнбөгөндүктөн) аба каттамдары кармалып жатат», - деп айтылат маалыматта.

-Бишкек-Ош-Бишкек (2 каттам «Тез Жет» авиакомпаниясынын);

-Ош-Бишкек («Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы);

-Москва-Ош-Москва («Аэрофлот» авиакомпаниясы);

-Москва-Ош-Москва (2 каттам «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын).

Каттамдар тууралуу маалыматтарды аэропорттордогу сурап-билүү түйүндөрүнөн тактап алса болот: - 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101.

«Авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөр менен иш алып барууда. Түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Коопсуздук бардыгынан жогору турат», - деп аэропорттон жургүнчүлөргө кайрылышты.

Пикир

Оставить комментарий