• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо-2021. Жарандардын санитардык коопсуздугун камсыздоо максатында алгоритм иштелип чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Президенттик шайлоо жана референдум учурунда жарандардын санитардык коопсуздугун камсыздоо максатында атайын алгоритм иштелип чыкты. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги Боршайком менен биргеликте президенттик шайлоо жана референдумга даярдык көрүү жана өткөрүүдө жарандардын саламаттыгына кам көрүү, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында алгоритм иштеп чыкты.

"Аталган алгоритм БШКнын бардык мүчөлөрүн, үйдө добуш берген шайлоочуларды жана иш алып барып жаткан медиктерди беткап, кол кап жана бет калкандары менен камсыз болуусун шарттайт. Ошондой эле иш-чаралардын планы иштелип чыкты. Алсак, ар бир шайлоо тилкесине медицина кызматкерлерин эки мөөнөткө бекитүү. Бардык саламаттык сактоо уюмдарында жаракат алгандарды жана ооругандарды ооруканаларга жаткыруу. Орундуктардын резервин түзүү. Шайлоочуларды байланышсыз термосканер аркылуу текшерүү. Шайлоо күнү тез жардам унааларын күнү-түнү нөөмөткө туруусун камсыз кылуу. Медициналык камсыздоону уюштуруу боюнча жооптуу кызматкерлерди даярдоо. Ооруканаларда оор абалда жаткан шайлоочулардын тизмесин шайлоого 12 күн калганда, калган бейтаптардын тизмесин 3 күн калганда жергиликтүү башкаруу органдарына берүү. Шайлоо тилкелерин дезинфекциялык каражаттар менен камсыздоо", - дейт министр.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо жана референдум 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий