• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ленин округунан шайлоо. БШК Сариев менен Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.06.23. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин районунан депутаттыкка талапкерлер Улан Сариев менен Дамира Ниязалиеваны каттоону жокко чыгарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, ошондой эле Ниязалиева үчүн шайлоонун жыйынтыгы дагы жокко чыкты.

Бардык процедуралар аяктагандан кийин Ленин райондук округунда кайрадан шайлоо дайындалат.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Добуш берүүгө 17 миң 423 жаран, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95%ы катышты. Шайлоочулардын жалпы саны 124 миң 908 адамды түзөт.

Алдын ала маалымат боюнча, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Ал 6 миң 242 добуш же 35,83% алган. Бирок, шайлоо аяктаган соң аудио жазуу пайа болуп, анда депутаттыкка талапкер Ниязалиеванын үнүнө окшогон аял У.Р. аттуу адам менен сүйлөшүп, үгүт иштерин жүргүзүү, жарандарга 1500 сомдон төлөп берүү, аларды шайлоого тартуу боюнча жарандардын тобу менен иштөө схемаларын талкуулаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан талапкер Улан Сариевге карата добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козголгон.

Пикир

Оставить комментарий