• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Сузакта ирригациялык каналды реабилитациялоо иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жар айыл аймагында ирригациялык каналды реабилитациялоо иштери аяктады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, канал Жерге-Тал айылында жайгашкан, узундугу 2,8 чакырым болгон участокто лотокторду төшөө иштери аяктады. Жалпысынан 467 даана жаңы лоток орнотулду.

Белгиленгендей, эми 1 миң гектардан ашык жер сугат суу менен камсыз болот.

Пикир

Оставить комментарий