• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддагы Киров - Өрнөк - Дөдөмөл унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Киров – Өрнөк – Дөдөмөл унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган жолдун узундугу 870 метрди түзгөн бөлүгүндө асфальт төшөлдү. Ал эми жалпысынан 2 чакырым аралыкка асфальт төшөө иштери пландалууда.

Иштер “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы тарабынан аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий