• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-сентябрда саат 7:54та катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында жана Пүлгөн айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий