• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында бир жумада 23,1 миң жол эрежесин бузуу катталды

Коом 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. 4-10-сентябрь аралыгында өлкө аймагында бир жумада 23 миң 199 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-217;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -197;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-54;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 178;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 617;
- авто ээнбаштык - 2;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 5 100;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 5;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 12 829;
- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 462 авто унаа айып короого киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий