• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктан бир адам каза болуп, 11 жаштагы бала жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 08.03.18. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда катталган жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 11 жаштагы бала жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык унаа жолдун 378-чакырымындагы катталган.

“Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү минивен “Рено” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен кагылышкан. Натыйжада 47 жаштагы киши жана 11 жаштагы бала жабыркаган. Алар ооруканага жеткирилген, кийинчерээк жабыркаган киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий