• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мектеп окуучулары арасында интеллектуалдык таймаш өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мектеп окуучулары арасында “Манас таануу” интеллектуалдык таймашы болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык деңгээлде уюштурулган таймашка калаадагы 18 мектеп (18 топ) катышып, аларга Кыргыз улуттук “Манас” театрынан келген уюштуруучулар калыстык кылышты.

Иш-чара манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдык мааракесине арналып уюштурулган.

Мындан сырткары, шаардык деңгээлде “Манас” айтуу кароо-сынагы да өткөрүлдү. Сынак У.Мамбеталиевдин жана С.Касмамбетовдун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган.

Сынактардын жеңүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылып, облустук турга жолдомо алышты.

Пикир

Оставить комментарий