• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кендирбаева Түркиянын Жакынкы Чыгыш техуниверситетинин ректору менен жолукту

Билим 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Анкара шаарындагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин ректору Мустафа Вершан Көк менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин (ODTU) ортосундагы кызматташуунун келечегин, анын ичинде алдыңкы тажрыйба алмашуу, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу, студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары, илимий долбоорлорду каржылоо үчүн биргелешкен илимий фонд түзүү маселелерин талкуулашты.

Катышуучулар эки өлкөнүн студенттеринин кесиптик өнүгүүсү үчүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Туркиянын Жакынкы Чыгыш техникалык университети QS эл аралык рейтингинде Түркиянын университеттеринин арасында лидер болуп саналат. Бул окуу жайда 94 өлкөдөн келген студенттер билим алышат. Окутуу англис тилинде гана жүргүзүлөт. Ага архитектура факультети, искусство жана илимдер факультети, экономикалык жана административдик илимдер, педагогика, инженердик факультеттери кирет. Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн 68,3% ы PhD даражасын жакташат. Жакынкы Чыгыш техникалык университети продукциясынын экспорту 3 млрд. долларга жеткен Түркияда биринчи технополисти уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий