• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кышкы ЖРТ тапшыргандардын окуусу 2023-жылдын февралында башталат

Билим 0

Бишкек, 19.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кышкы жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) тапшыргандардын окуусу 2023-жылдын февраль айында башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.

Анын айтымында, жогорку окуу жайларга жылына эки жолу тест аркылуу кабыл алуу министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

“Анда кышкы кабыл алууда окутуунун наркын төлөө келишими (контракт) боюнча гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөрү жазылган. Анткени алардын окуусу февраль айында башталып, окуу жылы 2023-2024-жыл деп каралып калат. Быйылкы окуу жылына 6 миң гранттык орун берилген. Алар республикалык бюджеттен каржыланат”, - дейт ал.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева ушул жылдын май айында жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, бирок аз балл алып калгандар кышкы тестирлөөгө катыша аларын белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий