• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шахтёрлордун өлүмү. Экология министрлиги компаниянын ишиндеги мыйзам бузуулар тууралуу айтты

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Чаткал кырка тоосундагы Иштамберди кенин иштеткен кытайлык Full Gold Mining компаниясына нааразычылыктар көп. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, учурда ал жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Санэпидемстанциянын жана Экологиялык көзөмөл кызматынын адистеринен турган атайын комиссия иштеп, газдын чыгышынын себептерин тактоодо.

"Өкмөттүн токтому бар, ага ылайык ар бир адам өлүмү менен коштолгон кырсык боюнча атайын комиссия түзүлөт деген жобо бар. Ал ошол жерде иштейт. Аталган компанияга суроолор көп", - деди Садыков.

Министрдин орун басары комиссиянын иши аяктагандан кийин кызматкерлердин өлүмүнүн себептери тууралуу маалымат коомчулукка жарыяланарын кошумчалады. Ал буга чейин дагы Full Gold Mining компаниясына кызматкерлерге тиешелүү эмгек жана турак-жай шарты түзүлбөгөндүгү үчүн даттанышканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 11-октябрда Иштамберди кениндеги Full Gold Mining алтын кенинде эки адам истүү газга ууланып каза болгон. Дагы 11 адам ооруканага жаткырылды.

Пикир

Оставить комментарий