• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Эркиндигинен ажыратуу жайларында опузалоо фактылары аныкталды

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Эркиндигинен ажыратуу жайларында опузалоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КИББнын Үчүнчү башкармалыгынын түштүк регион боюнча ыкчам кызматкерлери тарабынан Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте акча жана мүлктү опузалап талап кылуу фактылары боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө эркинен ажыратылган жерлерде жасалган бир катар кылмыштардын бети ачылды.

Соттолгон жана жазасын өтөп жаткан адамдар башка соттолгондордон коркутуу жолу менен акча талап кылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун 2000-жылы туулган тургуну К.К. соттолгон №25 ТКЖ (Ош шаары) тергөө абагында кармалгандыгы аныкталган. Аталган жаран мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде ыкчам каттоодо турат. Ал дагы эки опузалоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.

Ошентип, аныкталган маалыматтар боюнча, К.К. аттуу жаран Жаза аткаруу кызматынын №25 камерасында отурганда 35 жаштагы камералашынан 10 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Соттолгон жаран туугандарына жана жакындарына кайрылып, талап кылынган сумманы опузалап акча талап кылган адамга которттурган.

Мындан тышкары, бул жаран аны менен бирге бир камерада отурган, отуз сегиз жаштагы жаранды сабап, өлүм менен коркутуп, жер тилкесин ага өткөрүп берүүнү талап кылган.

Бул эки факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү "Опузалап талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Айып коюлган.

Соттолгон адамдын опузалап талап кылуунун башка фактыларына катыштыгы бар экендиги текшерилүүдө.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ушул сыяктуу кылмыш фактыларын аныктоо иштерин улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий