• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү башталат

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жазгы аскердик кызматка чакыруу иштерин баштоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат.

Ошентип, КР президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ N 34 Жарлыгына ылайык 2024-жылдын март-май айларында чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон жарандар КР Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик кызматка жана альтернативдик кызматка чакырылат.

Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан запаска бошотулат.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий