• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Түркияда жер титирөөдөн улам каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан бидиришти.

"Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата алынган алдын ала маалыматтар боюнча, Түркиядагы жер титирөөнүн жыйынтыгында каза болгондордун арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаарлар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен. Акыркы маалыматтарга ылайык, Түркиядагы зилзаланын кесепетинен каза болгондордун саны 3 миңге жакындап, 16 миңге чукул адам жабыркаган.

​​

Пикир

Оставить комментарий