• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. КР министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобо бекитилди. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталында маалымдалат.

Документке ылайык, коомчулукту турак жай секторунда, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча иштерге тартуу максатында КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 75 токтому менен Кыргызстандагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобо бекитилди.

Түзүм коомдук өз алдынча иштеген органдарга таандык жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасына кирет. Түзүмдүн максаты - калкты, жумушчуларды жана кызматчыларды өрттүн алдын алуу жана аны баштапкы баскычында өчүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышууга, ошондой эле өрткө каршы алдын алуу иштерин аткарууга тартуу аркылуу уюмдардын, калктуу конуштардын өрт коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү. Түзүмдүн мүчөлөрүнө өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жумушка кабыл алууда артыкчылыктуу укук берилет.

КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, уюмдардын жетекчилерине ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн бардык жерде түзүү боюнча чараларды көрүү жүктөлдү.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий