• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ички иштер министрлигинде «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинде «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» аныкталды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлеринин жаңы муунун тарбиялоодо, аларды патриоттук сезимге, Ата-Мекендин алдындагы жоопкерчиликти жана милдетти так аткарууга тарбиялоодо, офицердик жан дүйнөсү менен милдетти жана ар-намысты так түшүнгөн кары адамдардын кесиптик жана турмуштук зор тажрыйбасы өтө зарыл.

Ардагерлер эрдиктин үлгүсү, ишенимдүү камкорчулар жана милициянын мыкты салттарын улантуунун кепилдиги болуп келишкен жана болуп кала беришет. Ардагерлердин түздөн-түз катышуусу менен ондогон жана миңдеген кылмыштарга бөгөт коюлуп, бети ачылган.

2022-жылдын январь айында КР Ички иштер министрлиги тарабынан буйрукка кол коюлуп, ага ылайык 2021-жылдагы кызматтык ишмердүүлүктөрү боюнча ички иштер органдарынын ардагерлеринин мыкты кеңештери аныкталган. Ошентип, ардагерлер кыймылын өнүктүрүүгө, жаш кызматкерлерди патриоттук жана адептүүлүккө тарбиялоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө, коомдук тартипти сактоого көмөктөшүүгө кошкон зор салымдары үчүн ведомстволук жана акчалай сыйлыктар менен төмөнкүлөр сыйланышты:

ИИМдин Борбордук аппаратынын «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү:

- ИИМдин Ыкчам кызматтарынын Ардагерлер кеңеши, атайын вымпел жана «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланды.

«Мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Министрликтин Финансы чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Күзөт кызматынын Ардагерлер кеңештери атайын вымпел жана «Мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланышты.

«Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын, Республикалык «Намыс» коомдук уюмунун ыкчам кызматтарынын жана ИИМ Академиясынын Ардагерлер кеңештери, атайын вымпел жана «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» дипломдору менен сыйланышты.

Ички иштер органдарынын облустар боюнча «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүсү:

- Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңеши атайын вымпел жана «Эң мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланды.

ИИОнун облустары боюнча «Мыкты Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңештери атайын вымпел жана «Мыкты Ардагерлер кеңеши» диплому менен сыйланышты.

ИИОнун облустары боюнча «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» сынагынын жеңүүчүлөрү:

- Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын, Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңештери атайын вымпел жана «Татыктуу Ардагерлер кеңеши» дипломдору менен сыйланышты.

ИИОнун Мыкты Ардагерлер кеңешинин төмөнкү төрагалары диплом менен сыйланышты:

- Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы - милициянын отставкадагы полковниги Самүдүн Айдаров;

- Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы - милициянын отставкадагы полковниги Камчиев Курсанбек Камчиев;

- Кыргыз Республикасынын ИИМдин Республикалык окуу борборунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы - милициянын отставкадагы полковниги Кубанычбек Сатыбалдиев;

- ИИМдин Ардагерлер кеңешинин текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы - милициянын отставкадагы полковниги Жумабек Жугараев;

- Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы - милициянын отставкадагы майору Калыбек Кыдыкбеков.

Пикир

Оставить комментарий