• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ишкерлик жүргүзүү үчүн жакшы аянтча – түрк ишкери

Экономика 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Кыргызстан өлкөнүн өзүндө гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен дагы бизнес жүргүзүү үчүн жакшы аянтча. Бул тууралуу "кабар" агенттигине Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес форумунун жүрушүндө "Arkan Co" түрк компаниясынын жетекчиси Озжан Аркан билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө анын компаниясынын продукциялары Кыргызстанга жеткирилген, бирок алардын расмий өкүлчулүгү жок.

"Бүгүнкү форумдун жыйынтыгы менен мен бардык тобокелдиктерди эске алып, биздин өндурүштөгү товарларды Кыргызстанга көбүрөөк алып келүүнү пландап жатам. Мен Кыргызстан өлкөнүн өзүндө гана эмес, Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен дагы бизнес жүргүзүү үчүн жакшы аянтча деп эсептейм", - деди ишкер.


Arkan Co. - тамак-аш азыктарын, тазалоо каражаттарын, ден соолук үчүн товарларды жана боёнуучу каражаттарды сатуу үчүн 1992-жылы негизделген корпорация. 16 жылдык тажрыйбасы жана бизнес тартиби менен Arkan Co. 2007-жылдын башында балдарга кам көрүү буюмдарын чыгара баштаган. 2007-жылдан бери, Arkan Co. продукциясын 40тан ашык өлкөгө экспорттоп келет.

Пикир

Оставить комментарий