• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын логистикалык компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Экономика 0

Бишкек, 28.02.24. /Кабар/. Түркиянын Asbir логистикалык компаниясы Кыргызстан менен кызматташууга даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Эркан Башбога билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк бизнес форумунун алкагында Кыргызстандын рыногу жана анын өзгөчөлүктөрү менен жакындан таанышуу пландалууда.

“Биз өз тарапыбыздан кызматташууга даярбыз жана ачыкпыз. Биздин сапардын максаты Кыргызстан менен достук байланыштарды чыңдоо жана эки тарапты кызыктырган тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу болуп саналат”, – деди ал.

Белгилей кетсек, Asbir компаниясы Түркиядагы алдыңкы логистикалык компаниялардын бири.

Пикир

Оставить комментарий