• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте балдар арасында "Shoro Tay Kūlūk Kids Run" массалык жарышы өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бишкекте балдар арасында "Shoro Tay Kūlūk Kids Run" массалык жарышы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жарышка 2 жаштан 16 жашка чейинки 1700 бала катышат. Балдардын жарышы 21-майда Эски аянтта саат 8:00дөн 13:00гө чейин болот.

Жарыштын максаты – балдарды спортко тартуу, сергек жашоо образын жүргүзүү, ошондой эле инклюзивдүүлүккө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусуна колдоо көрсөтүү.

Балдардын жарышына 80ге жакын ар кандай майыптыгы бар балдар катышат.

Жарыштын жүрүшүндө катышуучулар жаш категориялары жана аралыктары боюнча бөлүнөт.

  • 2-5 жаштагы балдар 300 метр аралыкка чуркашат;
  • 6-8 жашка чейинки балдар - 500 метр;
  • 8-12 жаштагы балдар - 1 километр;
  • 13—16 жаштагы балдар — 3 километр.

"Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, иш-чара өтүүчү жерде тез жардам кызматы нөөмөттө болот. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары жана коноктору үчүн бардык шарттары бар чоң старт шаарчасы болот. Таң эртеден баштап бийчилердин жана белгилүү аткаруучулардын катышуусунда жаркын шоу-программа уюштурулат", - деп айтылат маалыматта.

Кошумалай кетсек, аниматорлор супер баатырлардын кийимин кийип балдарга куунак көңүл, конокторго өнөктөштөр тарабынан тамак-аш жана суусундуктар тартууланат.

Мындан тышкары, ар бир катышуучу старттык номерди камтыган рюкзактарды, жарыштын өнөктөштөрүнөн белектерди, ошондой эле марага старт алган күнү эстелик медалды алат.

Пикир

Оставить комментарий