• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын ОИИБнин башчысы Жумабеков ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 14.10.21. /Кабар/. Нарын облустук милициясынын башчысы Алмазбек Жумабеков Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов баштаган делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда буга чейинки кызматташтыкты улантуу жана алдыдагы жаңы кадамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Алмазбек Жумабеков ЕККУнун өкүлдөрүнө Нарын облусунун ички иштер бөлүмдөрүн колдоп, милициянын көчмө кабылдамалары үчүн унааларды жана техникалык каражаттарды алып бергендиги, бир катар масштабдуу окутууларды, тренингдерди жүргүзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

"Муну менен катар адамдардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо багытындагы окуу-семинарларды уюштуруп, басма сөз кызматына телекоммуникациялык колдоо көрсөтүү долбоорлорун сунуштады", - деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарада ЕККУнун өкүлдөрү Нарын облусунун Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда иш алып барып жаткан милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, эл менен тыгыз иш алып барып жаткандыгын, жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп ,тиешелүү жардамдар берилип жаткандыгы тууралуу маалымат алышты.

Пикир

Оставить комментарий