• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов ЕРӨБнын өкүлдөрү менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкыныны Кыргызстандагы өкүлү Таалай Асылбековду кабыл алды.

Жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектеги кызматташунун багыттары тууралуу сөз болду. Ошондой эле, коомдук транспорттордун абалын жакшыртуу долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу, урналарды сатып алуу боюнча долбоордун тендерин тезетүү боюнча сөз болду. Мындан тышкары, “Ош Тазалык” муниципалдык ишканасына сатып алынуучу техникалардын тендерлери боюнча да сүйлөшүштү.

Жыйындын жүрүшүндө Таалайбек Сарыбашов долбоорлорду ишке ашырууда Ош шаарынын мэриясы тарабынан баардык колдоолор боло тургандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош шаары менен 2011-жылдан тарта таза суу менен камсыз кылуу, коомдук транспорттордун абалын жакшыртуу, катуу калдыктар кайра иштетүү боюнча долбоолорго келишим түзүлүп, кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий