• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Жер маселелерин жөнгө салуу жаатында одоно мыйзам бузуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.23./Кабар/. Жер маселелерин жөнгө салуу жаатында одоно мыйзам бузуулар аныкталды, деп билдирет Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы.

ИИМдин Кылымш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери коррупциялык укук бузууларды аныктоо жана алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууда. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндө одоно бузуу фактылары аныкталды.

Жер маселелерин жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын ишинде мыйзам бузуулар ачыкталды.

Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү муниципалдык менчиктеги жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен.

Базар баасын баалоо боюнча аянты 700 чарчы метр болгон бул участоктун баасы 62 млн 300 миң сомду түзөт. Ошол эле учурда 2023-жылы күзүндө аталган жер тилкеси жеке адамга акысыз, аукцион жана конкурс өткөрүлбөй берилген. Жерди алган Ош шаарынын тургуну бул тилкени транспорт токтотуучу жай катары пайдаланууда. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекеттик кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирилген.

Кыянаттык менен пайдаланууга КР Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары шектелүүдө.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин КИББдин 4-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий