• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда милиция буйрутма менен ишкерди өлтүрүүнү алдын алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция буйрутма менен ишкерди өлтүрүүнү алдын алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун тургунунун үйүнө кол салуу 13-январда болгон. Каракчылар акча жана башка баалуу буюмдарды алып качууну пландаштырышып, бирок, атайын операциянын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр, анын ичинде оор кылмыштын уюштуруучусу да кармалды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына январь айында Жалал-Абад облусунун шаарларынын биринде ишкердик менен алектенген жергиликтүү тургунду буйрутма менен өлтүрүү пландалып жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Уюштуруучу кылмышка даярдануу максатында өзүнүн тааныштарынын, анын ичинде мурда соттолгондорду кылмышка шерик катары издеп, аларга ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүүнү убада кылган. Ал акча жана алтын буюмдар сакталган жерлерди көрсөтүп, үйгө кирүү учурунда кандай аракеттерди көрүү керектигин түшүндүрүп берерине ишендирген.

Топтолгон материалдардын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүүгө даярдануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине пландалган кылмыштын айрым чоо-жайы, анын ичинде үйгө кантип кирип кол салуу болорун жана кайсы убакытта болору белгилүү болгон.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыш иликтөө кызматкерлери каракчылык болгон жерге жакын жерде кылмышка шектүүнү кармоону уюштурулуп, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан атайын операция жүргүзүлгөн.

2024-жылдын 13-январында жеке турак жайга кирип, каракчылык жасап жаткан жеринен Ш.В. жана К.Р. аттуу жарандар кармалган. Кармалгандардын бири кылмыштын уюштуруучусу, мурда соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну 1964-жылы туулган К.Р. аттуу жаран болгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий