• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун III туру башталды

Билим 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) кышкы кабыл алуунун III туруна каттоо башталды .Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 15-январда башталып, 17-январь күнү саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 18-январь күнү саат 09:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 20-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

I жана II турда жалпысынан 362 талон катталып, анын ичинен ЖОЖдор 288 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Жыйынтыгында 270 абитуриент окууга болгон каалоосун ырастады.

Эки турда тең эң көп талон төмөндөгү жогорку окуу жайларга түштү:
1. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 99,
2. Ош мамлекеттик университети – 77,
3. КР Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы – 42,
4. Эл аралык медициналык университети – 24,
5. М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети – 12.

Пикир

Оставить комментарий