• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кесиптик орто окуу жайларына тапшыруу башталды. Графиги

Билим 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. Бүгүндөн тарта 2023-2024-окуу жылына КРнын кесиптик орто окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт.

Кабыл алуу башталдан тарта 1,5 сааттын ичинде 1 миң 495 абитуриент каттоодон ийгиликтүү өттү.

КООЖдорго абитуриенттерди кабыл алуу графиги:

I тур – 10-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 17:00гө чейин;

II тур –28-июль саат 8:00дөн 7-август саат 17:00гө чейин;

III тур – 14-август саат 8:00дөн 24-август саат 17:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий