• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө Жаманкара баатырдын 200 жылдыгына карата сейил бак ачылды

Аймак 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Чүй облусунда Чоткара уулу Жаманкара баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган иш-чаранын алкагында сейил бак ачылды.

Жаманкара баатырдын мааракесине арналган салтанатка катышкан Чүй облусунун башчысы Канат Жумагазиев кыргыз элинин эркиндигин коргоп, эрдиги менен мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөгө салым кошкон эл баатырларынын орду тарыхта маанилүү экенин белгиледи.

Канат Жумагазиев Жаманкара баатырдын тарыхый инсандыгын, мамлекеттүүлүккө кошкон салымын изилдөө жана ачып берүү максатында илимий конференцияларды, иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын, баатырдын урматына мемориалдык эстелик орнотуларын жана бул улуттук руханий баалуулуктарды сактоодо дагы бир маанилүү кадам болорун айтты.

“Чоткара уулу Жаманкарадай элдик баатырларыбыз - биримдиктин жана эркиндиктин символу”, - деп белгиледи салтанаттын ардактуу коногу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов.

Белгилей кетсек, Чоткара уулу Жаманкара 1823-жылы Чүйдүн Ак-Дөбө айыл аймагынын Кайырма айылында туулган. Жаманкара кыргыз элинин тарыхында патриот, баатыр катары өчпөс из калтырган.

Пикир

Оставить комментарий