• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү 2024-жылга жылдырылды

Маданият 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү 2024-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият министрлери Алтынбек Максутов жана Озодбек Назарбековдун жолугушуусунда айтылды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Алтынбек Максутовдун 9-10-ноябрь күндөрү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын маданият күндөрүн 2024-жылга жылдырууну, ошондой эле, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эки мамлекеттин дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жөнүндө макулдашты.

Ошондой эле министр Алтынбек Максутов Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган “Балдар жана жаштар - Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүлүшү” эл аралык форумуна катышты.

Эске салсак, Өзбекстанда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү үстүбүздөгү жылы ноябрына белгиленген болчу.

Пикир

Оставить комментарий