• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек музыканттары Астанадагы оркестр фестивалына катышууда

Маданият 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Бишкектик музыканттар Астанадагы оркестр фестивалына катышууда. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлагандай Казакстандын борборундагы фестваль 4-6-июлга чейин өтөт. Анда “Астана Самалы” деген аталыштагы духовой аркетсрдин VIII эл аралык фестивалы жана улуттук аспаптар оркестрынын V республикалык “Серпер” фестивалы өтүп жатат.

Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын духовой оркестры “Астана Самалы” VIII эл аралык фестивалына алгачкы ирет катышууда. Алар өздөрүнүн программасын эртең, 6-июлда тартуулашат.

Ал эми улуттук аспаптар оркестры V республикалык “Серпер” фестивалында өнөрлөрүн көргөзөт. Программага ылайык, Актобедеги Г. Жубанова атындагы улуттук аспаптар оркестры, Таттимбет атындагы казак улуттук аспаптар оркестры ошондой эле, Хакасия республикасынан жана Азербайджандан келген улуттук аспаптар оркестрлары катышат.

Пикир

Оставить комментарий