• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттук банк жасалма трейдер лицензиясын колдонгон алдамчылар тууралуу эскертет

Экономика 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы, учурда айрым жеке жактар лицензияланган иштин түрүн аткарууга Улуттук банк тарабынан берилген деп жалган лицензияны көрсөтүү аркылуу кесипкөй трейдер кызматтарын сунуштап жаткандар тууралуу эскертет.

Финансылык жөнгө салуу органынан билдиришкендей, Улуттук банк И.М. аттуу жаранга эч кандай лицензиялык-уруксат берүү документтерин бербегендигин жана баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишке лицензия берилбей тургандыгын расмий билдирет.

Улуттук банк мындай жарандар менен кандайдыр бир келишимдин негизинде өз ара иш алып баруу мамилелерин түзбөөнү, аларга финансылык каражаттарды бербөөнү сунуштайт.

Улуттук банк тарабынан берилген жалган лицензиянын негизинде кесипкөй трейдер кызматтарын көрсөткөн белгисиз адамдар тарабынан алдоо фактылары катталган учурда, шашылыш түрдө ички иштер органдарына кайрылуу зарыл.

Кошумча белгилеп кетүүчү нерсе, Улуттук банк уруксат берүүчү документтерди банктарга, микрофинансылык, төлөм уюмдарына, кредиттик союздарга жана алмашуу бюролоруна гана берет.

Улуттук банк мындай учурларда жарандарды ишеним жаратпаган маалыматтардан сак болууга чакырат. Эки тараптын ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу бардык документтер (лицензия, каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктөр, макулдашуулар ж.б.) менен кылдат таанышып чыгууну жана кайсы болбосун маалыматты расмий булактардан гана тактап текшерүүнү эстен чыгарбаңыздар.

Шектүү адамдардын сунуштарын тактоо маселелери жана Улуттук банктын компетенциясына кирген бардык суроолор боюнча Улуттук банктын mail@nbkr.kg электрондук дареги же +996 (312) 61-04-86 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий