• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан менен Иран энергетика, өнөр жай жана транспорт тармагында кызматташат

Экономика 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда КР Экономика жана коммерция министрлигинин аянтында транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Ирандын мунай жана газ министри Джавад Овжи жана транспорт жана шаар куруу министри Мехрдад Базрпаш менен жумушчу жолугушуусу өттү.

КР Эконоика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу максатында өттү.

"Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт, мунай жана газ маселелерин тейлеген ведомстволордун жетекчилери энергетика, өнөр жай жана транспорт тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Эки тарап кызматташууну тереңдетүүгө, анын ичинде чийки зат менен камсыздоо, соода-логистикалык борборлорду куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, транспорт коридорун өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар делегациялардын өз ара иш сапарларынын алкагындагы маселелердин үстүндө иштөөнү улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий