• 88.68
  • 95
  • 0.95

Амангелдиев: Кыргызстандын экономикасы өткөн жылы глобалдык чакырыктарга туруштук берди

Экономика 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын экономикасы өткөн жылы туруктуулукту көрсөтүп, глобалдык чакырыктарга туруштук берди. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча коллегияда билдирди.

"Биз жарандарды жана бизнести колдоого багытталган ыкчам иш-чаралардын таасиринин негизинде туруктуулукту камсыз кыла алдык. Жалпы кирешелердин азайган шартында бюджеттин чыгашалары азайбай, тескерисинче көбөйтүлүп, калктын аярлуу категорияларынын социалдык жөлөкпулдарын жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын көбөйтүү менен натыйжада, калктын реалдуу акчалай кирешелеринин жалпы өсүшүнө жана экономикалык активдүүлүктү камсыз кылууга жетиштик", - деп белгиледи ведомствонун башчысы.

Министр мындан тышкары, министрлер кабинети менен Улуттук банктын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, бирдиктүү макулдашылган саясаттын алкагында социалдык жана экономикалык туруктуулук сакталгандыгын кошумчалады.

Экономикалык өсүштү, финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, ошондой эле фискалдаштыруу, салык жана бажы жол-жоболорун башкаруунун, бааларды камсыз кылуунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча чаралардын комплексин көрүүгө багытталган 2022-жылга министрлер кабинетинин деталдуу иш-чаралар планы кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий