• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2023-жылга карата ИДПнын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу пландалууда - Амангелдиев

Экономика 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бүгүн 2022-жылдын жыйынтыгы жана 2023-жылга карата пландар боюнча ведомстволор аралык коллегиянын жыйынында үстүбүздөгү жылга карата пландарды айтып берди.

"Өнүгүүнүн башкы көрсөткүчу - экономиканы 5%дан кем эмес өсүүсү же ички дүң продукциянын көлөмүн 1 трлн сомдон ашыруу. Бул багытта реалдуу секторду бекемдөө, өндүрүштүк, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар кабыл алынат. Ошол эле учурда импортко көз карандылыкты азайтуу аракеттери көрүлөт", - деди министр.

Министрдин айтымында, бул планды ишке ашыруу үчүн жалпы өнүктүрүү фондунан каражат тартылып, конкреттүү инвестициялык долбоорлор ишке ашырылат.

"Мындан тышкары, "Бир айыл - бир продукт" улуттук долбоорун аймактарга жайылтуу үчүн концепциясы жана жол картасы иштелип чыгат", - деди Амангелдиев.

Пикир

Оставить комментарий