• 88.68
  • 95
  • 0.95

Камчыбек Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдой тургандыгын билдирди

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекеттик тууну өзгөртүүнү колдой тургандыгын билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

УКМК төрагасы бүгүн президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде Жалал-Абад шаарында Аюб-Тоосунун боорунда бийиктиги 50 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын жаңы желеги көтөрүлгөндүгүн эске салды.

"Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар, менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат, демек күн карама болбостон тике тийген күндөй жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун.

Кундун нурундай жаркыраган туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу", - деген билдирди калтырды Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий