• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Эр Төштүк” спектаклинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 25.03.24. /Айпери Кожоева — Кабар/. Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Эр Төштүк” спектаклинин бет ачары өттү.

Түрк тилдүү элдердин баары аздектеген “Эр Төштүк” кенже эпосунун негизинде коюлган жомок көрүүчүлөрдү сыйкыр дүйнөгө жетелеп, каармандар алардын жан дүйнөсүн аруулантып адабиятка болгон сүйүүсүн арттырат.

Коюучу топ:

  • Режиссёр – коюучу – Арнис Кыдырмышев, КР Ардак грамотасынын ээси
  • Сүрөтчү -коюучу – Руслан Жунусалиев
  • Костюм боюнча сүрөтчү – Назира Кулболдиева
  • Балетмейстер – Имаш Нарбай уулу
  • Режиссердун ассистенти – Өмүрбек Израилов
  • Режиссердун жардамчысы – Алтынай Кыдыршаева

Жомоктун башкы каарманы Эр Төштүктүн эрдиктери кайратмандуулукка, баатырдыкка үндөсө, Маамыттар чыныгы дос болууну үйрөтүп, Жез кемпирдин образы адам адам болгону аны коштоп жүргөн көп жүздүүлүктү баяндап берет. Мындан сырткары жомокто көптөгөн образдар театр сүйүүчүлөрүн кайдыгер калтырбайт.

“Эр Төштүк” кыргыз элинин эң байыркы кичи эпосторунун бири.

Пикир

Оставить комментарий