• 88.68
  • 95
  • 0.95

Пекинде ШКУнун негизделгенинин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 23.02.24. /Кабар/. Күн мурун Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы ШКУнун Катчылыгынын негизделгендигинин 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара уюштурду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чарага ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин, Кытай Коммунисттик партиясынын борбордук Комитетинин саясий бюросунун мүчөсү - тышкы иштер министри Ван И катышып, катышуучуларды мааракелик датасы менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КЭР Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчылары, ШКУнун Катчылыгына караштуу ШКУга мүчө-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жана башка коноктор катышышты.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучуларын ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин материалдык жана руханий маданияты менен тааныштырган ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кийимдери көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий